Кыргыз тили «Мамлекеттик тил» макамын алган улуу күнүнүн 30 жылдыгына карата иш-чара болуп өттү
2019-жылдын 18-сентябрында №62 ОТК МГда кыргыз тили «мамлекеттик тил» макамын алган улуу күнүнүн 30 жылдыгына карата иш-чара болуп өттү. Иш-чаранын максаты: кыргыз тилин үйрөнүү, балдардын кыргыз тилине болгон кызыгуусун арттыруу. Мектеп окуучулары концерттик программасын көрсөтүштү. Ал майрамдык концертте комуздун, аккордеондун коштоосунда ырлар жаңырды. Ошондой эле кыргыз элинин маданиятын жана салтын чагылдырган сценкалар көрсөтүлдү.
Сүрөт көргөзмөсү уюштурулду. 5-11-класстар арасында «Кыргыз тили балдардын жашоосунда» деген темада эссе уюштурулду.
23-сентябрда мектепте «Кел, кыргызча сүйлөйлү» деген акция өткөрүлдү.
Комментарии