№62 ОТК МГсы №62 ОТК МГсы

Биз жөнүндө

№ 62 орто мектеби 1963-жылы түзүлгөн.

1964- жылы биринчи имараты 1400 окуучуга ылайыкталып түзүлгөн. Экинчи имараты 1978-жылы 960 окуччуга ылайыкталып курулган .

2009-жылы № 957/1,09.10.2009 ж буйругу менен № 62 мектеп-гимназиясы деген статусун алып, 29.12.2010.ж № 771/1 буйругу менен № 62 Окуу тарбиялоо-комплекси мектеп-гимназиясы статусу берилди.

Мектеп 29.12.2015-ж Окуу-тарбиялоо мектеп-гимназиясы статусун алуу үчүн аттестациядан өткөн.

 

Мектептин усулдук темасы:

“Билим  берүү жана тарбия берүү процессин модернизациялоонун жана маалыматташтыруунун жүрүшүндө окуудан ар тараптуу шарттарды тандоо үчүн мектептин профилдик жана профилге чейинки моделин эффективдүү өнүктүрүү ”

 Гимназиянын иши :

Бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүү, интелектуалдуу камсыздандыруу, моралдык жана чыгармачыл жеке өсүү, гимназия окуучуларын өз алдынча билим алуу муктаждыктарын пайда кылуу, өз ара аракеттенүү ркылуу эң негизги жана кошумча билим алуу.

Мектептин составы: 2018-2019-окуу жылында ( жыл башында)  -3049 окуучу (77 комплект класс)

“ Наристе”   программасы мектепке чейинки даярдык 2 топтон турат(56 адам). Мектепте жогорку билимдүү, билим берүүнүн жакшы методикасын өздөштүргөн мугалимдер иштейт. Баардыгы 114 педагог. Жогорку билимдүү мугалимдер-99, Кыргыз Республикасынын Билим берүүнүн отличниги-38, администрациянын мүчөсү-8.

 Мектепте 78 окуу кабинети, 3 спорт залы, жыйналыш (көрүү) залы, бийлөө залы, китепкана, ашкана, спорт аянчасы, музей бар. Кабинеттер заманбап техникалары менен жабдылган: мультипроекторлору, компьютерлер, сыналгылар жана интерактивдүү такталар.

Мектепте бирдиктүү информациялык мейкиндик түзүлгөн, мектептин сайтын толуктоо боюнча дайыма иш алып барылат. (htth://62.edubish.kg). Гимназия  ички жана тышкы көзөмөлдөө менен камтылган. Окуучулардын, педагогдордун өмүрү жана ден соолугу “ШЕР ГРУПП” агентикттин жамааты менен коргоо жүргүзүлөт.

Мектетин гимни, туу, герб

Биз жөнүндө