УВК ШГ №62 Учебно-воспитательный комплекс школы - гимназии №62

Окуу процесси

Окуу планын негизинде каникул мезгили төмөнкүдөй:

  • Күзгү – 8 күн – 2018-жылдын 5-ноябрынан 12-ноябрына чейин;
  • Кышкы – 12 күн – 2018-жылдын 31-декабрынан 2019-жылдын 11-январына чейин;
  • Жазгы – 10 күн – 2019-жылдын 22-мартынан 31-мартына чейин.

Иш тартиби – 1-11 класстар беш күндүк. Башталгыч мектептин жүктөмөсү – 4-5 сабак, жогорку класстардыкы – 5-7 сабак. Сабактын жүрүшү 45 мүнөт, танапис – 5 мүнөт жана экинчи сабактан кийин чоң танапис 10 мүнөт.

№62 мектеп-гимназия окуу-тарбиялоо комплекси көп профилдүү. Мектеп компоненти, тандоо боюнча курсттар профилдин талаптарына жана ата-энелердин, окуучулардын социалдык талабына жооп берет. Профилге бөлүү 10-класстан, профилге чейинки даярдык 8-класстан башталат. Профилге чейинки класстарда  окуучуларга профилди тандоо жана профилден профилге өтүү мүмкүнчүлүгү берилет. Бул 10-11-класста каалаган профилди тандоого мүмкүнчүлүк берет. 5-9-класстарда  чет тили  (кытай) киргизилет, ал мектеп компонентинде каралат (30.09.1995-ж. №404 КРнын Буйругу) жана демөөрчүлөр тарабынан каржыланат (Конфуций институту), 10-11-класстарда кытай тили окуучулардын каалоосу боюнча ийрим сааттарынын негизинде жүргүзүлөт жана демөөрчүлөр тарабынан каржыланат. 8-9-класстарга корей тили киргизилет, ал мектеп компонентинде каралат жана демөөрчүлөр тарабынан каржыланат (КРдагы Корей билим берүү борбору). 10-11-класстарда корей тили ийрим катары өткөрүлөт. Экинчи чет тилди, француз тилин  окуу ата-энелердин жана окуучулардын каалоосунун негизинде гуманитардык багыттагы  10-11-класстарга киргизилет. Социалдык-экономикалык багыттагы 10-11-класстарга экономика курсу киргизилген. Социалдык-экологиялык багыттагы 10-11-класстарга экология курсу киргизилген.

Тандоо боюнча предметтерде: окуучулардын социалдык-экологиялык багытты тандоо үчүн 7-класста “Химияга киришүү” сабагы киргизилет.

Гуманитардык профилге чейинки 8-9-класстарда жана гуманитардык профилдик 10-11-класстарда орус, кыргыз, англис тилдерин тереңдетип окуу тандоо боюнча курста каралган..

Социалдык-экологиялык профилге чейинки 8-9-класстарда жана профилдик 10-11-класстарда, биология, химия кыргыз тилин тереңдетип окуу тандоо боюнча курста каралат.

Социалдык-экономикалык профилде замандын талабына жооп берген кесиптерди тандоо үчүн, математика, кыргыз, орус, англис тилдерин тереңдетип окуу каралат.